1916-жылы 21-ноябрда Эгей деңизинде "Титаник" кемесинин "эгизи" деп эсептелген "Британик" кемеси суу алдында катылган бомбага тийип, анын кесепетинен жарылуу болгон. Окуядан 55 мүнөт өткөндө кеме чөгүп кеткен. Натыйжада 30 адам каза болуп, куткаруучулар 1036 адамдын өмүрүн сактап калышкан.
Аталган кеме Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы согуш аракеттеринде активдүү колдонулган. 2000-жылы Брайан Тренчард-Смит аттуу режиссёр бул окуяга байланыштуу "Британик" деген аталыштагы көркөм тасма тарткан.
21-ноябрга карата жылнаама.