Үстүбүздөгү жылдын жай айларында Балыкчы шаарында өлкөбүздүн желеги 30 метр бийиктикке илинген. Бүгүнкү күндө флагштокто желектин айрылган бөлүгү гана желбиреп турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар SUPER.KG порталына бүгүн, 22-ноябрда кабарлашты.
"Анын узундугу 6, туурасы 9 метр болчу. Салтанаттуу ачылышына желекти орнотконго жеке ишкер, курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдон тышкары шаардын мэри Алмаз Мамбетов да катышкан. Тилекке каршы, улуттук белгибиз болгон туубуздун бүгүн каралбай жатканы өкүндүрөт. Тууну көзөмөлдөп, алмаштырып койчу эч ким жокпу?" - деп суроо салышат тургундар.
Бул долбоорду иштеп чыгууда туу жайгаша турган аймактын шамалга жана сейсмологиялык туруктуулукка чыдамдуулугу эске алынганы айтылган.
"Балыкчы шаарынын мэриясы бул желек үчүн өздөрүнө такыр жоопкерчилик алган эмеспи? Деги эле бул желектин азыркы абалы тууралуу ким жооп берери чоң суроо боюнча калууда", - дешет тургундар.
Өлкөнүн негизги белгиси болгон туунун ушундай абалда илинип турганы Ысык-Көл облусуна жыл бою үзгүлтүксүз келген туристтердин оюн кандайдыр бир деңгээлде бузуп жатканын жергиликтүү бийлик эске алса.