Өмүрбек Бабанов: "Өкмөт 40 миллион сом карызы үчүн Токмоктогу үйлөргө жылуулук бербей жатат"

Токмок шаарындагы бир топ үйлөргө жылуулук берилбей жатат. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирди.

Анын айтымында, Токмоктун тургундары ага бул маалыматты интернеттеги Фейсбук социалдык тармагы аркылуу айтышты. "Бул шаардагы балдар үйүндө, мектепте, 3-4 үйдө жылуулук жок экен. Имаратта температура -10 градус болуп жатат. Өкмөт 40 миллион сом карызы бар деп жылуулук бербей жатыптыр. Кичинекей балдарда эмне күнөө? Эл тоңуп жатат. Бул маселени чечиш керек", - деп кайрылды парламенттеги өкмөт өкүлүнө Бабанов.

Өкмөт өкүлү Токмоктогу үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берилбей жатканы боюнча өкмөт жетекчилиги кабардар экенин айтты. "Кечээ биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү органдардын башчыларын жана энергетиктерди чогултуп, жылуулук маселесин чечип берүүнү тапшырды", - деди өкмөт өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан