28-ноябрдан 2-декабрга чейин Эфиопиядагы Аддис-Абеба шаарында Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо комитетинин кезектеги жыйыны өтөт. Катышуучулар ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине сунушталган 37 кайрылууну карашат. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында кабарланат.
Алардын ичинде Нооруз майрамын да тизмеге киргизүү маселеси каралат. Бул сунуш Азербайжан, Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн түшкөн. Ал эми Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Түркия жупка жасоону, Казакстан күрөштү, Тажикстан палоону да аталган тизмеге киргизүү сунушу менен кайрылышкан.
Материалдык эмес маданий мурастарга салттар, муундан муунга өткөн чыгармачылыктардын түрлөрү кирет. Аларга оозеки чыгармалар, аткаруу искусствосу, социалдык салтанаттар, майрамдык жана ритуалдык ырымдар, жаратылыш жана аалам менен байланышкан билим жана көз караштар, ошондой эле салттуу кол өнөрчүлүк техникасы кирет. Тизме коомчулуктун көңүлүн материалдык эмес мурастарга буруу ыкмасы болуп эсептелинет.
Эскерте кетсек, буга чейин ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине "Манас. Семетей. Сейтек" үчилтиги, ала кийиз менен шырдак кирген.