Сокулукта Патрулдук милициянын кызматкерин сүзүп кетип, ал окуя болгон жерден каза болду

28-ноябрда түнкү саат 02:50 чамасында Сокулук районундагы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 28-чакырымында жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу изделүүдө. Жөө адам Сокулук райондук патрулдук милициянын кызматкери болгон. Ага учурунда медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн, алган жараатынан улам ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Тилек Исаев билдирди.

"Кырсыкка кабылган маркум Сокулук райондук патрулдук милициянын кызматкери болгон. Издөөдө жүргөн шектүү жөө жүрүүчүнү сүзгөн соң жардам бербестен, жол жээгине сүйрөп чыгып коюп качып кеткен. Изделип жаткан унааны Honda Stepwagon үлгүсүндө деп болжолдоп жатабыз. Себеби жөө адамды сүзгөндө бамперинин жарымы сынып кетип, окуя болгон жерде калып калган. Азырынча издөө жыйынтык бере элек. Жакын жердеги видеокөзөмөлдүн баарын текшерип жатабыз. Унаанын түсү кара болгон. Ал батыштан чыгыш тарапты көздөй келе жаткан. Каза болгон кесиптешибиз 1979-жылы туулган, 37 жашта болчу. Артында келинчеги менен 2 баласы калды", - деди Т.Исаев.

Ошондой эле Чүй облустук патрулдук милициясы жогорудагы окуяга күбө болгон же унааны
көрүп-билгендер болсо, төмөнкү номурларга чалып коюуну суранат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет: (0312) 44 64 22; (0708) 88 61 14

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Medina87
2016-11-28 12:47:28
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун!
Айдоочу да кыска ойлуулук кылыптыр. Мин жерден шок болсо да жол жээгине суйроп таштаганча больницага алып барса тируу калмак беле?...
+9
Seryi-Kardinal
2016-11-28 12:53:06
baary bir tabylat da
+6
tulpar90
2016-11-28 13:07:00
Жаман иш болуптур.
+8
Adhambek
2016-11-28 13:39:16
уй булосуго сабыр берсин Аллахым маркумдун жайын жанатан кылсын
+7
Saribulak
2016-11-28 14:07:35
Бекер качыптыр
+8
Almacom
2016-11-29 10:36:54
Жаны жанаттан болсун
0
Gulnur-Emina-Medina-2016
2016-12-04 17:21:31
Саламатсыздарбы Супер Инфо качып кеткен айдоочу табылдыбы жооп жазып койосунарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан