Колумбияда учак кырсыкка учурап, борттогу 81 адам жабыркады. Анын 72си жүргүнчүлөр, 9у анда кызмат кылган адамдар болчу. Учак кыйраган окуяда 6 гана адам аман калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бортто бразилиялык "Шапекоэнсе" футболдук клубунун оюнчулары да бар болгон. Учактын Боливиядан абага көтөрүлүп, Колумбиянын үстүнөн учуп баратканда кырсыктаганы маалымдалууда.
1-декабрда Колумбиянын "Атлетико Насьональ" клубу жогоруда сөз болгон "Шапекоэнсе" командасы менен беттешмек. Команда Түштүк Америка Кубогуна катышуу үчүн Медельин шаарына жөнөгөн.