Тилсиз жоону өчүрүүгө бараткан өрт өчүрүүчү унаанын бузулуп калганын кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү деп табылды

Ноябрь айында Бишкекте 3 чоң өрт кырсыгы катталды. Анда өрт өчүрүүчүлөрдүн даремети канчалык экенин көрө алдык. Садыгалиев жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде чыккан өрт 20 саат дегенде араң өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр муну күйүүчү-майлоочу каражаттардын күйгөнү менен түшүндүрүштү. Себеби аны суу менен эмес, көбүк менен өчүрүү керек эле. Бирок резервде сакталган көбүк да аны толук өчүрүүгө жеткен жок. Тилсиз жоо айтып келбейт эмеспи, кокус май куюучу жайлардын бири өрттөнүп кетсе, анда абал кандай болот, өрт өчүрүүчүлөр өрттү чектеп гана тим болушабы? Азырынча бул суроо ачык бойдон калып келет.

Өрттү өчүрүүдөгү дагы бир маселе өрт өчүрүүчү унаалардын жана шаймандардын эскилигинин жеткени болууда. Буга далил катары өрттү өчүрүүгө бара жаткан унаанын жарым жолдо бузулуп калган учурларын айтсак болот. Ушундай мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу керек экенин айткан 21 жаштагы Темирлан СапаровЭлдик кабардын” ноябрь айындагы жеңүүчүсү деп табылды. Ал Садыгалиев көчөсүндөгү өрттү өчүрүүгө бараткан унаа бузулуп калганын SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирген болчу.

- Саламатсызбы, сиз “Элдик кабардын” ноябрь айындагы жеңүүчүсү деп табылдыңыз!

- Рахмат! Чынын айтсам, күткөн эмес элем.

- Айтсаңыз, окуяга кандайча күбө болуп калдыңыз?

Темирлан Сапаров- Ошол күнү Садыгалиев жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампада өрт чыгып, жолдор аябай тыгын болчу. Мен Садыгалиев көчөсүндө жумуштарым менен бара жаткам. Бир маалда артта маяк берип, өрт өчүрүүчү унаа келип калды. Айдоочулар ага жол бошотуп берип, алдыга өтүп кеткен. Кийин биз алдыга жылган учурда, өрт өчүрүүчү унаанын бузулуп калганын көрдүк. Анан дароо сүрөткө тартып сиздерге жөнөткөм.

- Кабарды жөнөтүү менен эмнени айткыңыз келди эле?

- Албетте, техника деген техника. Ал бузулат деңизчи, бирок ал нерселердин баарынын алдын алыш керек эле. Көбүнчө көйгөйлөр чечилбей, жабык бойдон калып келет. Кабарды өрт өчүрүүчү унаалардын эскилигинин жеткенин эл, мамлекет жетекчилери билсин деген ойдо жөнөткөм.

- Өзүңүз тууралуу айтсаңыз...

- Менин аты-жөнүм Темирлан Сапаров. 21 жаштамын. Бишкекте туулуп, ушул жакта эле чоңойдум. Учурда соода тармагында эмгектенем. Сиздердин портал менен 2 жылдан бери таанышмын. Көбүнчө кабарларды окуйм. "Элдик кабарды" дайыма карап турам.

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

2016-жылдын жеңүүчүлөрү:

2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
2016-жыл, июнь - Калыгул Бейшекеев (Бишкек шаары).
2016-жыл, июль - Айтмат Абдуллаев (Ош шаары).
2016-жыл, август - Кубан Сейдилда уулу (Нарын облусу, Ат-Башы району).
2016-жыл, сентябрь - Каныбек Маткалыков (Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары).
2016-жыл, октябрь - Айнура Субанкулова (Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан