Бишкектеги Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери 2017-жылдын март айында башталат

Бишкектеги Орозбеков көчөсүн оңдоо иштери 2017-жылдын март айында башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотов SUPER.KG порталына бүгүн, 6-декабрда билдирди.

"Кытай Бишкек шаарындагы 49 көчөнү оңдоого 478 миллион юань (4 миллиард 780 миллион сом) өлчөмүндө грант бөлүп берген. Ал көчөлөрдүн тизмесинде Орозбеков көчөсү да кирген. Жибек-Жолунан Садаев көчөсүнө чейинки аралыгын оңдоо иштери 2017-жылы болжол менен март айында башталат. Ошондой эле бул жол оңдолуп эле калбастан, кеңейтилип, Чүй каналынын үстүнөн өтө турчу жаңы көпүрө салынат. Азыр ал көчө Тоголок Молдо көчөсүнө бурулуп кетсе, долбоор ишке ашкан соң Чүй каналынан түз өтө турган жол болот", - деди Жанболотов.

Орун басардын айтымында, бул гранттын эсебинен 49 көчө 3 жылда оңдолуп бүтөт. Эскерте кетсек, 28-ноябрда "Элдик кабар" рубрикасына окурман аталган жолдун абалы тууралуу кабар жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sherzatik
2016-12-07 06:04:53
Ийгилик!өркүндөй бер өсө бер Кыргызстан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан