Сузак районунда аялын, кайнатасы менен кайненесин бычактап өлтүргөн жаран өзүнө бычак сайып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 6-декабрь күнү саат 23:00 чамасында Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Беш-Мойнок айылында болгон.
"1985-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну Беш-Мойнок айылына келип, 1938-жылы туулган кайнатасын, 1944-жылы туулган кайненесин, 1987-жылы туулган аялын бычактап өлтүрүп, ошол эле түнү өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Маркумдун эмне себептен мындай ишке барганы такталууда", - деп билдиришти ИИМден.