Санитардык-эпидемиологиялык борбор: "Сасык тумоонун жаңы тибине жарандардын иммунитети жок болууда"

Сасык тумоонун жаңы тибине жарандардын иммунитети жок болууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Артур Буюклянов билдирди.

"Аба ырайынын татаал шартында жашоочулар сасык тумоонун жаңы тибине кабылышты. Бул оору буга чейинки сасык тумоонун башка түрү экендиги аныкталды. Биздин жарандардын ага каршы иммунитети жок болуп жатат. Ошондуктан С витамини бар мөмө-жемиштерди көп жегенди сунуш кылам. Ошол эле учурда жашылчаны да көбүрөөк колдонуу пайдалуу. Өткөн жылы сасык тумоонун H-1, N-1 түрү катталса, быйыл H-3, N-2 түрү катталды. Мындан ары кийинки жумада оору басаңдашы ыктымал", - деп билдирди Буюклянов.

Артур Буюкляновдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө сасык тумоо менен 16 миңдей адам катталган. Алардын 60 пайыздан көбү 14 жашка чейинки жаш балдар болсо, 34 пайыздан көбү 5 жашка чейинкилер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barakcha
2016-12-08 02:55:22
Ушул сасык тумоо жудотту(((
0
kuba.kq8705
2016-12-08 10:33:20
с витамини кайсы момо жемиштерде кобурок болот жазып койгулачы билгендер болсо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан