"Ала-Тоо" аймактык лигасынын финалында "Позитифф" командасы жеңүүчү аталып, Сочи шаарына жолдомо алды

Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда бүгүн, 8-декабрда КВНдин "Ала-Тоо" аймактык лигасынын финалдык беттеши болуп өттү. Анда 5 команда жеңиш үчүн ат салышып, "Позитифф" командасы жеңишке жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган команданын оюнчусу Актан Рыскелдиев билдирди.

"Кыргыз өлкөсүндөгү бардык лиганы уттук. Эми алдыда Сочи шаарындагы фестиваль турат. Буюрса, январь айынын башында барып, өлкөнүн намысын коргойбуз", - дейт А.Рыскелдиев.

Белгилей кетсек, финалда "Элдин балдары", "Позитифф", "Brooklyn", казакстандык "Маб" жана Тажикстандан келген курама команда өз өнөрлөрүн көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
EPXAHOB
2016-12-09 01:12:36
Сулуулук дүйнөнү сактайт
+2
EPXAHOB
2016-12-09 09:14:45
EPXAHOB,Мени сулуулугума таазим кылганыңарга рахмат.
+8
Alixan-Nookat.2015
2016-12-09 11:58:07
Эсте калган кулкулуу номерлерин деле билбейт экемин ушул Позитиффдин, Универсалдын аткарган номерлери мисалы эсимде бар "Айылдагы вечир","Нике тун","Жылдыздар менен стем" ж.б
+3
GGggUUuuLLll
2016-12-09 23:44:18
Сочиге барбай эле койгула жеңилесиңер бөтөн авторитетиңер кетет жана жол киреңер(*|*)
0
emka96kg
2016-12-10 00:35:31
кордук Казакстанга барып ойногонунарды. болбогон нерселерди былжырап эле. кантип силерге чемпиондукту беришти ??? эми Сочиге барып дагы бир жолу Кыргыз КВНинин авторитенин тушурот экенсинер да эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан