ИИМ: Бишкекте добуш сатып алуу боюнча 3 факт катталды

Бүгүн Бишкекте добуш сатып алуу боюнча 3 факт катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө аймагында абал туруктуу. Эч кандай коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок.

"Добуш сатып алуу боюнча Бишкекте 3, Чүй облусунда 1 факт катталды. Ал эми элди шайлоо тилкелерине топтоп алып келүү боюнча 4 факт болду. Бизге ар кандай кайрылуулар келип түшүүдө. Ал маалыматтар текшерилип жатат", - деди Орозалиев.

Бүгүн, 11-декабрда Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө. Саат 16:00гө карата жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын 28 пайызы, ал эми референдумга 29 пайызы добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
KaiMak
2016-12-11 19:00:18
Иииий коп турбай ууч адам элестетсенер
+3
aibars
2016-12-11 19:05:52
KaiMak,)))) хахахаа ошону айтсан
+1
aibars
2016-12-11 19:05:31
Шумдугун кургур иииий, куйгузотта анан. 3 адам коп эмеспи?))
+1
almazbei
2016-12-11 19:14:38
3 факт коп да, шеф айтканго таза откоробуз деп.
0
Mekush87
2016-12-11 19:14:42
3 аябай коп го,Нарында кырылып атышат деп айтып жатышат,акча берип добуш сатып алгандар.
+6
Mekush87
2016-12-11 19:16:49
Бир адамга 500 сом берилип атыптыр Нарында,не ал жакта эч ким иштеген эмес го баарын жайына коюп
+4
kenjebek_a
2016-12-11 19:32:39
Кандай ХХХ добушун сатат экен.Азыркы бийликти,депутаттарды коруп туруп.
+5
Aytur
2016-12-11 19:52:50
Таза шайлоо болгон жок!
+3
almazbei
2016-12-11 21:13:29
Кыргызстанда таза шайлоо болгон эмес,даагы 2 президентти кубалаш керек ошондо таза болушу мумкун?!
+2
chikeusenov
2016-12-11 23:38:37
концтитутция кучуно кирсин анан таза шайлоо болот ага чейин эч кандай таза шайлоо болбойтко
+1
azamat.k
2016-12-12 06:09:47
ИИМ иштебей жаткан го,Ошко келсин оптом кармап бермекмин.Шайлоо дегенинер абдан ыплас отту.
+1
tuigan.
2016-12-12 08:28:35
Таза шайлоо болгонуна ишенбейм
+1
Kroxa
2016-12-13 16:17:08
Шайлор тилкесине топ топ кылып эле уйдон алып келип кайра жеткирип жатышты,сылык сыпаа телефондон чалышып унуткан жоксунбу дешип:-):-):-)оорубагыла деп,,кундо шайлоо болуп турса кун сайын ташышат беле????
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан