Ош ОИИБи: "Кытайга жөнөтүлүп жаткан 300 эшекке тийиштүү документтер жайында болгон"

Кытайга жөнөтүлүп жаткан 300 эшекке тийиштүү документтер жайында болгон. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 12-декабрь күнү Кара-Суу районунда 6 оор жүк ташуучу унаа милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Анда оор жүк ташуучу унааларда жалпы 300 эшек бар экени аныкталып, аларды Кытайга алып баратышканы белгилүү болгон.

"Айдоочуларда КРнын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан берилген уруксат кагазы жана эшектерди кимден сатып алганы боюнча документтери жайында болгон. Мындан улам унаалар коё берилген", - деп билдиришти ОШ ОИИБинен.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, 2016-жылдын июнь айына чейин Кытайга 2000 эшек экспорттолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Patirot
2016-12-13 14:41:55
Кытайдан бизге колбаса тушонка болуп келет кайра
+8
KaiMak
2016-12-14 01:34:45
Эмне эшек завод бар беле Кыргызстанда,карапаайым калктынле эшектери да бул уурдап сатышат
+1
Djal1987
2016-12-13 14:42:25
Кайсы бир жылы куну туну тынбай темир калайлар кеткен эле эми эшектер кетет экен да.......
+6
Sema87
2016-12-13 14:47:41
Байкуш эшектер Кыргызстанда калбаса эмне кетет болду экен? ХХХ ХХХ да сатып алса жакшы болмок
+2
Djal1987
2016-12-13 14:57:39
Sema87,дагы биз билбеген эмнелер кеттип жатты экен? Текшерген эч ким жок куйгон эч ким жок. Ашабыз мен бетке айтам алтындарым деп мааниси жок создорду суйлоп журот же аны бироо тоготсочу.
+6
admin_portal
2016-12-14 11:02:31
Sema87, этика нормаларын сактаңыз!
0
BekAmir
2016-12-13 14:58:51
А байкуш Кыргызым, эми стылбаган эшегин эле калды эле....
+3
mambo-1984
2016-12-13 15:00:40
Ушинте берсе Эшектерда кызыл китепке кирип калатко неберелерибиз суротун эле коруп калса керек же зоопарктардан.
+5
admin_portal
2016-12-13 15:11:49
Sema87, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
admiral
2016-12-13 15:38:45
Бардык тийиштүү документер жасалма, арзыбаган акча үчүн жасап беришкенда дагы. Ким ишенсин бардык документтери жайында экенине? эч ким ишенбейт!
+4
Kroxa
2016-12-15 00:00:34
admiral,мен да кошулам эшек баккан ферма болуп хозяйини бир киши болсо бир жон документи жайында болмок ,,баары уурдалып кетип бараткан эшектер акчага жасатты азыр эшек уурдаткандар коп биздин бир айылдык кишинин 3 эшегин бир кундо уурдап кетти отун суу алып оокат кылышкан балдары жоо калды...
+1
Revolyutsiya
2016-12-13 15:48:31
Азыр эч ким Кудайдан коркпой калп айтып, уурулук кылып, бироонун акысын жеп калды. Айтылгандар карандай калп, ошол 300 эшектин болсо болсо 10-15 сатып алынган, калганы баары уурдалган эшектер... Кыргызстандагы башкы эшек сатар Ак уйдо отурган учун каалаган документтерди жасалма жасап, эч ким бул ишке кийлигише албай жатат.....

Ошол номер 1 эшек сатарды Окмот, Жогорку Кенештегилер билсе да билмексен, тааныса да таанымаксан болушууда...
+5
nurbek56
2016-12-13 16:33:53
ХХХ уят дагы баары жайында экен дегенин эмне дейсинер. Аша баш болуп калганы каш болуп ошолордун бизнеси бул.
+1
admin_portal
2016-12-14 11:01:56
nurbek56, этика нормаларын сактаңыз!
0
Aytur
2016-12-13 16:35:53
Эмне ар бир эшектин паспорту бар бекен?!
Уурдап алып эле Жалганды чындай чынды кудай ургандай ашатып калп атып жатышат
+3
Kroxa
2016-12-15 00:02:10
Aytur,ошону айтсан жайында экен деп уялбай кое беришти корупцияга кайнаган шордуу эшектер...
0
Ramina-malina
2016-12-13 17:27:40
Uwul ach koz chondordun kylygyn oilosom zamanam kuuruit,degi bulardy bir Kudai urbait jin da tiybeyt...
+1
Bayjigit83
2016-12-13 17:38:46
Жакшы экспорттогонго эшектер бар экен.
Эшек тугонсо Кыргызстан эмнени экспорттоор экен.
Тим эле 2000 эшек экспорттолгон дейтко.
Биз кайда баратабыз!
0
almazbei
2016-12-13 19:13:11
Эшектер да тушонот бир кун, анан эмнебизди сатат экенбиз!!!
0
Elcinor
2016-12-13 21:35:37
Охооо ХХХ ак уйдо отуратго
0
admin_portal
2016-12-14 11:02:05
Elcinor, этика нормаларын сактаңыз!
-1
bond0202
2016-12-14 08:44:45
ак уйдогу ХХХ да сатыш керек кытайларга,арзан болсо деле мейли эле
0
admin_portal
2016-12-14 11:02:12
bond0202, этика нормаларын сактаңыз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан