Чек арадан ветеринардык көзөмөлдү качан аларын Казакстан айтпай жатат

2016-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйыны өтүп, анда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөл алынбай жатканын ортого салган. Белгилүү болгондой, Казакстан 1 жылдан ашык убакыттан бери чек арасынан аталган көзөмөлүн албай жатат. Москвадагы жыйында Казакстан тараптын өкүлү бул маселе боюнча акыркы жоопту казак өкмөтү 2016-жылдын 30-ноябрына чейин бере турганын айткан эле.

Бүгүн, 14-декабрь, жооп айтылышы керек болгон күндөн бери 2 апта өттү. Чек арадан ветеринардык көзөмөлдү алуу боюнча Казакстан дагы деле жооп кайтара элек. Муну 14-декабрда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы тастыктады. Мекеме бул боюнча кенен маалымат берүүдөн баш тартты. Демек, коңшулардын чек арасындагы кыргыз дыйкан-фермерлеринин азыктарын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө экспорттоодогу тоскоолдук качан жоюлары дагы эле бүдөмүк бойдон калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан