Казакстандык олигарх Мухтар Аблязов 2005-жылы Кыргыз Республикасындагы революцияны каржылаганын франциялык "Liberation" гезитине курган маегинде айтты. Бул тууралуу 14-декабрда "Фергана ньюс" жазды.
Аблязов өзүнө карата жасалган куугунтук саясий мүнөздө экенин билдирип, өзүнүн саясий ишмердүүлүгү тууралуу айтууда Кыргыз мамлекетиндеги окуяларды мисал келтирген.
"2005-жылдын башында Кыргыз Республикасындагы режимди кулатууга жардам көрсөтүү үчүн оппозицияны каржылагам. Постсоветтик республикалардын биринде демократиялык процесстер башталып, алардын туура реформаларды жүргүзүүгө жетишүүсү мен үчүн маанилүү эле", - дейт Аблязов.
Эскерте кетсек, Мухтар Аблязов Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, ошондой эле БТА банкынын Директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон. БТА банкы Казакстан өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөндөн кийин, 2009-жылы ал өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Аблязов буга чейин Казакстанда каржылык махинация иштери боюнча айыпталып, соттук иликтөөлөр башталары менен ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2011-жылдан 2012-жылга чейин Улуу Британияда баш калкалап, 2013-жылы 31-июлда Франциянын Ницца шаарынан кармалган. Бирок Франция өлкөлөр ортосунда тийиштүү макулдашуу жоктугун жүйө келтирип, аны Казакстанга өткөрүп бербей келет. Аблязовго ошондой эле Орусия менен Украинада да кылмыш иши ачылган.
2013-жылдын июнь айында Мухтар Аблязов мыйзамсыз түрдө Осмонов Нурдин Бекиевич наамындагы Кыргыз Республикасынын паспортун алгандыгы маалым болгон.