Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жол белгилеринин үстүнө көчөнүн аттары жазылган тактайчаларды орноткон Атай Садыбакасовго айып салынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.
"Жол белгилеринин үстүнө тактайчалардын илиниши эрежеге ылайык келбегендиктен, аны алып салуу талабы менен Бишкек шаардык мэриясына кат жибергенбиз. Ал эми тактайчаларды орноткон активистке айып салуу маселесин караган жокпуз", - деп билдирди Бугубаев.
Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө активист тарабынан көчөнүн аттары жазылган тактайчалар илинген. Активисттин мындай кадамы эрежеге туура келбестигин Патрулдук милиция кызматы билдирген.
"Борбор калаанын Токтогул көчөсү менен кесилишкен Абдрахманов, Эркиндик, Раззаков, Исанов көчөлөрүндөгү жол белгилердин үстүнө илинген тактайчалар алынды. Бул ишти жасагандарга айып салууну "Бишкек асфальт-сервис" ишканасы караган эмес. Мындай аракет биз тараптан жүргүзүлбөйт. Жол белгилерин кармап турган темирлер тешилип же сынып калса, анда активист төлөмөк", - деп билдирди "Бишкек асфальт-сервис" ишканасынын башчысы Мирлан Амантуров.
Атай Садыбакасовдун тактайчаларын Бишкек шаардык мэриясы жөн гана алып салууну туура көргөн. Ага айып салуу маселеси көтөрүлбөгөндүгүн мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова айтты.
Мындан сырткары 1-Май райондук мамлекеттик администрациясы да тактайчаларды алып салууну туура көрүп, бирок айып салуу маселесин карабагандыгын тастыктады.