Депутат: "Ата-энелер Болондук билим берүү системин түшүнбөй жатышат"

Студенттердин ата-энелери Болондук билим берүү системин түшүнбөй жатышат. Мындай пикирин бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын отурумунда депутат Евгения Строкова билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлиги Болондук систем тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жок. "Ата-энелер "бакалавриатта 4 жыл окуган соң, сөзсүз түрдө 2 жылдык магистратурада окуш керек" деп ойлошот. Мисалы, Англияда бакалавриаттан кийин магистратурада окуу милдеттүү эмес. Бизде болсо баары магистратурага барып жатышат. Өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларда Болондук систем эптеп-септеп киргизилгендиктен ушундай көрүнүш болууда", - деди Строкова.

Айта кетсек, Болондук билим берүү тутуму - бул Европа өлкөлөрүндөгү эки тепкичтүү билим берүү системи. Ага ылайык, диплом алган студент Болондук системге мүчө болгон өлкөлөрдүн биринде өз кесиби боюнча жумуш таап иштей алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан