Кара-Балтадагы базардын директоруна кылмыш иши козголду

Кара-Балтадагы базардын директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-декабрь күнү Жайыл РИИБине Кара-Балта шаарындагы "Азия 2" базарында иштеген соодагерлер кайрылышкан. Анда алар базардын директору З.Сегизбаева шайлоо укугуна тоскоолдук кылганын айтышкан.

"З.Сегизбаева аталган базарда иштеген ар бир соодагерге 10дон адам таап, "Жаңы шаар" партиясына добуш берүү талабын койгон. Эгер бул талап аткарылбаса, ижара акысын көтөрүп, айрымдарынын соода орундарын алып коёрун эскерткен. Аталган партиянын катарында базар башчысынын баласы жана кызы болгон. Шайлоодон кийин тиешелүү добуш ала албай калгандыктан, З.Сегизбаева ижара акысын эки эсеге көтөрүп салган. Ишти Башкы прокуратура карап "шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн иш Чүй ОИИББине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
A3A
2016-12-16 20:29:30
Уят!
Салык салгыла
1 000 000 же азбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан