Нурлан Атыканов: "Коомдук унааларда жол кире төлөөнү автоматташтыруу боюнча инвестор изделүүдө"

Бишкекте коомдук унааларда жол кире төлөөнү автоматташтыруу системин ишке киргизүү үчүн инвестор изделүүдө. Бул тууралуу 16-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

Атыканов бул иш жакынкы жылдары ишке ашырыла турганын, учурда документтер даярдалып жатканын айтты. 2017-жылы инвесторлор үчүн сынак жарыяланат. "Бул реалдуу, ишке ашырыла турган долбоор, Европа өлкөлөрүндө, Москвада ийгиликтүү иштеп жатат", - деди Атыканов.

Долбоорду ишке ашырууга канча акча жумшалары айтылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан