Бүгүн, 17-декабрда эртең менен Түркиянын Кайсери шаарында жардыруу орун алды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, окуя университеттин жанында болду. Аскерлерди ташып бараткан автобус окуу жайдын жанына жеткенде токтоп турган автоунаа жарылганы айтылууда. Кырсыктан 13 адам каза болуп, 48 адам жаракат алды.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Түркиянын Стамбул шаарында эки жардыруу болуп, жалпысынан 44 адам каза тапкан. Бул эки терактка радикалдык күрд топторунун тиешеси бар экени маалым болгон.