Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-декабрда расмий иш сапары менен Индия Республикасына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш сапарынын алкагында Атамбаев Индиянын президенти Пранаб Кумар Мукержи, вице-президенти Мохаммад Хамид Ансари, премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат жана Кыргыз Республикасы-Индия бизнес-форумуна катышат.
Жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.