Куралчан адам Орусиянын Түркиядагы элчисин атып өлтүрдү

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго кол салуу болуп, элчи каза тапты. Маалыматты 19-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова ММКларга тастыктады.

Элчи Анкара шаарындагы сүрөт көргөзмөсүнө катышкан. Ал сөз сүйлөп бүткөндөн кийин имаратта жүргөн куралчан адам элчиге арт тараптан ок чыгарган. Асманга да бир нече жолу ок аткан куралчан адам "Аллах акбар" деп кыйкырган. 2013-жылдан бери Орусиянын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап келген Карлов алган жаракатынан улам каза болду.

Элчини аткан адам жок кылынды, айрым маалыматтарда анын Түркия полициясынын Мевлют Мерт Алтынташ аттуу өкүлү экени айтылууда. Имаратка ал кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп кирген. Документтин оригинал же жасалма экени азырынча белгисиз.

Орусиянын Түркиядагы элчиси октон каза тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
gulira93
2016-12-20 02:44:04
Бул аткан адам турктордун озунун эле адамдарынан болсо керек .Кимдир бироо жалдашы мумкун анан бул адамды ким жалдаганы билинип калбашы учун атып олтурдуго деп ойлоп жатам.
+6
pepew95.
2016-12-20 02:50:14
Эй жараткан дуйноо элине тыншчылык бер
+2
KGstan1981
2016-12-20 03:01:16
Ибрагим Жунусов дагын ошол кезде Андрей Карловтон уч метр нары турган экен.Озу тирулой кармаш керек эле заказчик ким экенин аныкташ керек эде.
+2
MAN-CITY
2016-12-20 03:25:41
Кимге не выгодоно Туркия менен Россиянын мамилеси жакшы болсо? Бул кылмыштын тамыры океандын аркы бетинде болушу да мумкун. Мен Россиянын политикасын анчалык жактыра бербейм, ошондой болсо да бугунку подлый кылмышта мен орустар менен солидаренмин.
-2
Best.bakyt
2016-12-20 07:05:12
MAN-CITY,Кайран тил быламык болгон кор болду го эси жокторго
+4
MAN-CITY
2016-12-20 07:35:45
Best.bakyt,Кыргызча еле жазайын дегем, шашылып орусча кыргызча болуп кетиптир. Бул жерде, Россия менен Туркияны, уруштурайын деген ким бироо бар демекчи елем. Созумдо катасы болсо кечиресиз.
0
Ali-han
2016-12-20 03:57:14
Эми кайра башталат экен да. Озу азыр туркияга барыш коркунучтуу болуп калды. Ушундай боло берсе кудай сактасын го бирок сириянын акыбалын кайталап калышы мункун Туркия! Озу дуйнодо тынчтык эле болуп турсунчу. Аллахым озун сактай кор!
0
moskoy
2016-12-20 22:08:51
Ali-han,бизде да аллау акбарлар кобойуп баратат ушундайдан кудай сактасын
0
kozunek.
2016-12-20 04:15:13
Тынчылык болсунчу(Журок да безилдеп калды го,мындай кабарларды уга берип..((
+1
barsa30
2016-12-20 05:37:42
жаман болгон экен.эми бул үчүн согуш кылышпай.эки өлкө бирин бири түшүнүшсө керек.
0
Best.bakyt
2016-12-20 07:08:17
Бул иш Орус-Турк мамилесин бузуу максатында учунчу бир жактын жасаган кара ниет иши деп ойлойм.
+2
kg.nurik
2016-12-20 08:40:08
Бул иш орус-турк-сирия мамилесин бузгусу келген американын иши !!!!!
+3
kg.nurik
2016-12-20 08:43:08
Американын кылганы. Киберчабуулга жооп болот бирок кандайча болот айтылбайт деп жаткан обама.
+2
tuigan.
2016-12-20 09:37:22
Ибрагим Жунусовдон да маек алгылачы.акыбалы кандай экен
+4
kubat_73
2016-12-20 09:48:48
tuigan.,Анын акыбалы жакшы эле да аны атпаган сон же ХХХ
0
admin_portal
2016-12-20 10:17:28
kubat_73, этика нормаларын сактаңыз!
-1
almazbei
2016-12-20 10:09:35
Америка жасады.
0
admin_portal
2016-12-20 10:24:43
Begim_4, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
-2
Mavlyuda
2016-12-20 11:23:13
Кудай сактааа. Элчиге олум жок дечилего
+1
muras111211
2016-12-20 13:41:10
Жаман болуптур.эмнеси болсо да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан