Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Кубанычбек Кулматовдун айлыгы 15 миң доллар. Маалыматты 23-декабрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев айтты. Анын билдиришинче, Кулматов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду эл аралык мекеме болгондуктан, парламентке отчёт бербей турганын билдирген. Текебаев: "15 миң доллар айлык алган Кулматов муну кантип айтып жатат?" - дейт.
Фракция жыйынында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү каралды.
Айта кетсек, аталган фонд 2014-жылы түзүлгөн, Кыргыз мамлекетинин экономикасынын приоритеттүү секторлорунда, анын ичинде агрардык өнөр жай комплексинде, кийим тигүү, текстиль жана иштетүү өнөр жайында өзүн өзү актаган долбоорлорду каржыламак. Уставдык капиталы 500 миллион доллар.