Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун "өлкөдөгү ири бизнести 5-6 кишиге бөлүп берели" деп парламенттин жыйынында айтканы коомчулукта кызуу талкууланууда.
Депутаттын айтымында, өлкөдөгү ишкер тармагында монополия болбош керек. "Мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү үчүн эркин атаандаштык керек. "Монополия" деген түшүнүк болбош керек. Базар өзүн өзү жөнгө сала алат. Салык инспекциясы муну көзөмөлдөшү керек", - деди депутат.
Андан соң ал кесиптештерине кайрылып: "Бүгүнкү күндө спирт чыгаруучу ишканалар 3 алкомагнаттын колунда. Биз алардын демилгелерин дайыма колдоп келебиз. Анда өлкөдөгү ири бизнести 5-6 депутатка бөлүштүрүп берели. Спиртти эки-үч кишиге, мунайды бирөөнө, дары-дармекти жана курулушту дагы башкасына ачык эле монополия кылып берели. Курулуш тармагын “Авангард” ишканасына, спирт ичимдиктерин “Аю” ишканасына берели. Ун өндүрүшүн Чыныбай Акунович менен Бакыт Эргешович алсын. Мына ушундай атайын киргизилген чектөөлөр аркылуу ири ишкердикти беш-алтооң эле бөлүп алгыла анда", - деп нааразы болду Сулайманов.