Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапарында өзбек лидери Шавкат Мирзийоев менен чек ара маселелерин талкуулады. Бул тууралуу журналисттерге президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта кыргыз-өзбек чек арасынын 70 пайызы такталган. "Өлкө башчылары вице-премьер-министрлерге январь айынын ортосуна чейин бардык маселелерди чечүүнү тапшырышты. Мындан улам делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жолугушуулар өткөрүлөт. Бир айдын ичинде бул иштер аяктаары күтүлүүдө", - деди Исаков.
Мындан тышкары ал президенттердин сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү өткөнүн баса белгиледи. "Тараптар эки өлкөнүн күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулашты. Биз үчүн канааттандырарлык жыйынтыктар болду", - деп кошумчалады С.Исаков.
Айта кетсек, 24-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапары менен барып келген. Самаркандга барганда мамлекет башчы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун бейитине гүл койгон.