ЕАЭБ: Чек арадан ветеринардык көзөмөлдү алууга Казакстан гана макул болбой жатат

Кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү алууга Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин баары макулдугун беришти, Казакстан гана макул болбой жатат. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз мамлекетинин экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө ветеринардык көзөмөл боюнча инспекция келип, анын текшерүүсүнүн жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер чек арадан көзөмөлдү алууга макул болушкан. ЕАЭБдин Санкт-Петербург шаарында өтчү жыйынында кыргыз тарап бул маселени көтөрмөкчү.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы аталган альянска 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан