Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, А.Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тиешелүү материалдарды Башкы прокуратурага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тапшырганы айтылды. Тергөөнү Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.
Айта кетсек, Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.