Президент Алмазбек Атамбаев 11-декабрда референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 28-декабрда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам 2017-жылдын 15-январында күчүнө кирет. Өкмөт башчынын жана парламенттин ыйгарым укуктарына тийиштүү беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирери айтылды.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-декабрда чыгарган. Референдумга добуш берүүчүлөрдүн 42,28 пайызы катышканын, анын 79,63 пайызы "макул" деп добуш бергенин жарыялаган. Расмий түрдө референдум өттү деп таанылды.