Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"28-декабрь күнү саат 17:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 558-чакырымында жол кырсыгы катталды. Анда MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Натыйжада жеңил унаадагы 4 адам: 2 аял, 2 эркек киши ошол жерден каза болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын тургундары жана ӨКМнын куткаруучулары барып, каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаадан чыгарышкан. Алар медициналык "Тез жардам" кызматы тарабынан облустук оорукананын сөөктөрдү сактоочу бөлүмүнө жеткирилген. Коомдук тартипти сактоо кызматы MAN унаасынын айдоочусун Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен.