Бүгүн, 29-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык балаты өтүп жатат. Балдар үчүн майрамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен келди.
Анын жүрүшүндө шаңдуу концерт көрсөтүлүп, андан соң өлкө башчы балдарга куттуктоосун айтты.
"Мен жөнөкөй үй-бүлөдө өскөм. Оюнчугум болгон эмес. Биринчи жолу балатыга барганда абдан сүйүнгөм", - деп сөзүн баштады президент.
"Мамлекеттин иши оңолуп жатат, мындан дагы өнүккөнгө аракет кылабыз. Биз ар дайым силерди ойлойбуз. Ата-эне үчүн балдарынан башка кымбат эч нерсе жок... Бүгүнкү концертте туура сөздөр айтылды. Дүйнөдөгү өлкөлөрдү көрдүңөр. Чоңойгонуңарда бул мамлекеттерге барып келесиңер. Буга тилдерди үйрөнүп алышыңар керек. Кыргыз мамлекети бай өлкө болот. Жүрөгүңөрдөгү үмүтүңөрдү өчүрбөгүлө. Өмүр бою чымырканып иштесеңер, максатыңарга жетесиңер", - деди Атамбаев.
Айта кетсек, президенттик балатыга өлкөнүн ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алардын арасында мыкты окуучулар, эл аралык сынактардын, таймаштардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү бар. Мындан тышкары майрамга кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылган.
Иш-чаранын соңунда балдарга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белектер, китептер жана таттуулар тапшырылат.