Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кароол айыл аймагына караштуу Мырза-Арык айылындагы бала бакчанын тарбиячылары балдардын ата-энелеринен жаңы жылдык белек сатып берүү үчүн акча алганы далилденсе, тийиштүү органга кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда SUPER.KG порталына Өзгөн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Дүйшөев билдирди.
"Жаңы жылдык белекти ата-энелер өздөрү жасашы керек болчу. Эгерде тарбиячылар балдарга жаңы жылдык белектерди даярдап берүү үчүн акча чогулткан болсо, анда бул ишти мен жергиликтүү укук коргоо кызматына өткөрүп берем. Эртең, 30-декабрда жалпы мугалимдер кеңешмеси өткөрүлөт. Бул маселени чоң жыйында талкууга алабыз", - деп билдирди Дүйшөев.
Эске салсак, окурман 29-декабрда "Элдик кабарга": "Бакчадагы балдарыбызга жаңы жылдык белек алып берүү үчүн 300 сомдон акча чогултушкан. Берген белектери 100 сомго да жетпейт. Ата-энелер нааразы", - деп билдирген.