Бишкекте Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын жардыруучу заттарды текшерүү боюнча базардагы соодагерлерге карата плансыз уюштурулган рейди өтпөй калды. Анткени борбор калаадагы "Дордой" базарынын коопсуздук кызматы Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын адистерине соодагерлердин уруксаты бар же жок экенин текшерттирбей коюшту.
"Дордой" базарында пиротехникалык заттарды сатуу боюнча атайын текшерүү уюштурууну максат кылганбыз. Бул текшерүү плансыз текшерүү болчу. Жардыргыч заттардын кандай шартта сатылып жатканын текшерүүгө алмай болгонбуз, бирок базардын коопсуздук кызматы текшерүүгө уруксат бербей койду", - деп билдирди Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын инспектору Мирлан Кылычбеков.
Аталган базарда жардыргыч заттарды сатууга уруксат кагазы бар соодагерлер да, тийиштүү кызматтардан уруксат албагандары да өз соодасын жүргүзүшүүдө. Айрымдары талапка жооп бербеген жайда, айрымдары жөн гана жол четинде отуруп сатып жатышат. Мунун баары канчалык мыйзамдуу, буга тийиштүү кызматтар баа беришет.
Ал эми базардагы күзөт кызматынын жетекчилиги жылдагыга караганда жардыргыч заттарды сатуучу соодагерлер азайганын, ошол эле учурда аларды сатып алуучулардын саны кескин кыскарып баратканын айтты.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматы жыл сайын миллиондогон сомду чапчыган жүздөгөн тонна жардыргыч заттар өлкө аймагына кирип жатканын билдирген.
Эске салсак, буга чейин 12-декабрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция жардыруучу заттарды сатууга тыюу салгандан кийин "Дордой" базарында сатууга тыюу салынган пиротехникалык каражаттар 50дөн ашуун соода жайында сатылып жатканы белгилүү болгон.