Президент, спикер, премьер жана Жогорку Соттун төрайымы жыл жыйынтыгын талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев 30-декабрда Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолугушту. Өлкө жетекчилери 2016-жылдын негизги жыйынтыктарын жана 2017-жылы жасалчу иштердин жалпы багытын талкуулашты.

"Өткөн жыл көп жагынан биз үчүн жөнөкөй жыл болгон жок, бирок өлкө туруктуулукту сактоо менен маанилүү сыноолордон ийгиликтүү өтүп, келечекке ишенимдүү кадам таштады. Биз туура жолдо баратабыз, Кыргыз мамлекети улам чыңдалып, туруктуу өлкөгө айланууда. Бирок биз жасай турган иштер али көп, мурдагыдан да чымырканып, жакшы иштеп, бардык чөйрөлөрдө өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылышыбыз керек", - деди президент.

Жолугушууда 2016-жылкы жакшы иштердин бири Конституцияны өзгөртүү болгону баса белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан