Түркияда кыргыз кызынын сабалышына шектелгендердин бири кармалды

Түркияда кыргыз кызынын сабалышына шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелгендердин дагы экөөнүн өздүгү такталып, алар издөөгө алынышты. Ал эми жабырлануучу Н.М. "Ак-Деңиз" ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда кыздын абалы бир аз жакшырып, көзүн ачты.

Айта кетсек, Түркиядагы элчиликке 2016-жылдын 21-декабрында ооруканага эч кандай паспорттук маалыматы жок кыз оор абалда түшкөндүгүн, ал комада жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын билдиришкен. Андан соң элчилик Анталиянын Жандармериясына кайрылган.

Жандармериянын кызматкери 21-декабрда 03:10до "Шелл" май куюу станциясынан алыс эмес жолдун жээгинде бир кыздын жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөндүгүн билдирген. Алгач жабыркаган кыз Анталиянын Коркутели районунун ооруканасына жеткирилип, абалы оор болгондуктан, "Ак-Деңиз" университетинин ооруканасына которулгандыгын, окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн тергөө иштери башталгандыгын маалымдаган.

Учурда жабыркаган кыздын атасынын барары күтүлүүдө, жалпы жарандык паспорту даярдалгандан кийин Анталия шаарына учары белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
arzuuu
2017-01-02 11:33:17
Ким сабаптыр неге сабаптыр бир жанылык айткылачы байкуш квзга жаман болду
+3
momun74
2017-01-02 11:33:34
Аллахым шыфаасын берсин ата энесине сабыр берсин байкуш ста эне журоктору кан тилинип жаткан болушу керек балапан кызынын жанына жеткенче. эч бир ата эненин башына мындай кунду салбасынчы
+11
meni_kut
2017-01-02 11:47:21
Шектелип кармалган Адам кыргыз бекен турк бекен?Тактап жазып коюнуздарчы.
+9
BlackStyle
2017-01-02 12:00:19
Кандай болгон тагдырда да жакшы иш болбоптур. Кыз балага кол которуу деген озу бир шерменделик да. Кучун ошончолук эле ашып аткан болсо, жерди чапкыла. Бироонун айдай болгон баласын кордобой. Эсен аман тузолуп мекенибизге аман келип алсын.
+6
akil.91
2017-01-02 12:33:38
Суротун койуп атын айтпаганынар эмнеси.
+1
Totyua.71.
2017-01-02 13:27:23
Ылайым айыгып кетсин ,бул да бироонун айдай коргон кызы да,токмоктогондор кармалып жазасын алышсын ,мыкаачылар жаш Кызды ушунча да токмоктошобу !Аялзатына кол которгон "эркек соройлорго"каргыш демекмин!
0
Umarbalapanym
2017-01-02 14:03:40
Туркияга 20 жаштагы кызын кантип коркпой жиберишти ата эне бир туугандары бар экен,Москвада эжеси бар экен туугандарынын жанында журбойбу,кыз баланы ээн кое берген болбойт турмушка чыккыча.Турмушка чыккандан кийин жолдошу мн ааламды айлансын каалаган жерине барып.
0
ariet97
2017-01-05 21:25:48
Umarbalapanym,озу кеткен
0
KaiMak
2017-01-02 15:10:32
Алсыз эркек гана аялга кол которот
+2
Djal1987
2017-01-02 19:34:13
KaiMak,туура айтасыз.
-2
Azumi32
2017-01-02 20:46:58
Саяк журсон,таяк жейсин!
-1
admin_portal
2017-01-03 11:36:09
Revolyutsiya, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан