Стамбулда клубга кол салган адамдын кыргыз же өзбек жараны болушу мүмкүн экенин бүгүн, 2-январда түркиялык басылмалар полицияга шилтеме берүү менен жазышты.
"Кол салган адам "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү болушу ыктымал. Ал клубга пальто кийип кирип, чыкканда башка кийим менен чыккан. Анын автоматты кармашында жана басышында согуштук даярдыктан өткөнү көрүнүп турат", - деп айтылат басылмалардын маалыматында.
Стамбулдагы консулдук тиешелүү органдардан ал боюнча расмий билдирүү келбегенин жана айтылып жаткан маалыматтар түркиялык басылмалардын гана версиясы экенин SUPER.KG порталына билдирди.
Ошондой эле Түркиянын премьер-министри кол салуу боюнча такталбаган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылышарын эскертти.
Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу бул кол салууну уюштурушканын билдирди.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Ошол учурда клубда 500дөн ашык адам болгон. Анда 39 адам каза болуп, 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун 24ү чет элдик жарандар экени белгилүү болду. Алардын арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар.