Түркиялык "Haberturk" басылмасы "Стамбулдагы түнкү клубда теракт жасаган" деп шектелген адамдын сүрөтүн жарыялады. Аталган басылманын маалыматына караганда, шектүү уйгур улутунда. Ал 2016-жылдын ноябрь айында үй-бүлөсү менен Конья шаарына келген. Бирок анын аты-жөнү жана жарандыгы айтылган эмес. Ал эми полиция жалпы 12 адам кармалганын маалымдады.
Буга чейин Стамбулда клубга кол салган адамдын кыргыз же өзбек жараны болушу мүмкүн экени айтылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы консулдугу тиешелүү органдардан ал боюнча расмий билдирүү келбегенин жана айтылып жаткан маалыматтар түркиялык басылмалардын гана версиясы экенин SUPER.KG порталына билдиришкен.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Ошол учурда клубда 500дөн ашык адам болгон. Анда 39 адам каза болуп, 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар. Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу бул кол салууну уюштурушканын билдирди.