"Стамбулдагы кол салууга шектелген жаран" деп жарыяланган паспорттун ээси теракт жасалган күнү Кыргыз Республикасында болгонун айтууда

Бүгүн эртең менен түркиялык басылмалар Стамбулдагы кол салууга шектелген адамдын паспортунун сүрөтүн жарыялашкан. Паспорт 1988-жылы туулган Йахье Машрапов (Iakhe Mashrapov) аттуу жаранга 2016-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан берилген. Бул маалымат интернетке чыккан соң, УКМК кызматкерлери Йахье Машраповдун жашаган жерин аныкташкан.

"УКМКнын Кара-Суу районундагы кызматкерлери Машраповду үйүнөн алып келишип, суракка алышты. Толук маалыматты иликтөө иштеринен соң беребиз", - деди УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов.

Ал эми Йахье Машрапов жергиликтүү "Турмуш" басылмасына берген маегинде окуя катталган күнү Кыргыз Республикасынын аймагында болгонун жана Стамбулдагы терактка эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

"1-январь күнү соода иштерине байланыштуу Стамбулга баргам. Кайра Бишкекке учканы жатканда Түркиянын укук коргоо органдары "Стамбулдагы кол салууга шектелген адамга түспөлдөш экенсиң" деп бир саат суракка алышты. Андан соң кечирим сурап коё беришкен. Бүгүн эртең менен Бишкекке учуп келип, кайра Ошко учуп кеткем. Менин паспортумдун сүрөтү кандайча интернетке чыгып кеткенин билбейм", - дейт Машрапов.

Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Ошол учурда клубда 500дөн ашык адам болгон. Анда 39 адам каза болуп, 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар. Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу бул кол салууну уюштурушканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Nazaralikarakulja
2017-01-03 20:43:39
Озбек экенго паспорт болду бербеш керек буларга [moderated]дын акчасына кызыгып сатсанар мына ушундай дуйного жаман коргозот сураныч болду токтотуш керек токтотуш керек паспорт бергенди
+4
ELIMA91
2017-01-03 22:02:50
Эмнеге турктор терракт болсо эле сразу ар мамлекетти кунолоп келет? Аэропортто болгон терракта да кыргыз жараны деген, анда да маалымматты тактай албады, бир Глюленди бир кыргыздарды айыптап жатат ? Оздору деле сонун эл эмес бетине жакшы суйлоп, арканан суйлогон ото начар калк экенин кордум, душман алыстан келбейт оздорунон эле курд мурд дегендери. Маалыматты тактабай туруп телевизордон эмнеге корсотот тушунбодум, кыргыз элин жаман корсотуп бул жакта жургон кыргыздарга аябай Эле кыйын болду.
+7
KyrgyzTrump
2017-01-03 23:35:00
Турктор ХХХ ,, коросунор мындaн дa жaмaн нерсени коргону кaлышты бул ХХХ.. Aзыр бaaрдык дуйнолук сaйттaрдын бaшкы бетинде ' Террорист из кыргызстaнa' деп чыгып кетиптир.. Ишенбегендер кaрaп коруш(). Окуянын жоо- жaйын билбей туруп Кыргызстaндык бaлaны террорист деп жaзып жиберген турктор.. Aзыр бaaры Кыргыз олтурду деп кaлышты
+6
admin_portal
2017-01-04 10:32:29
KyrgyzTrump, порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
Saribulak
2017-01-03 23:39:35
Туп атабыз турк деп жанынар калбай мына силерге атанар. Турктор менен мамилени узуп салыш керек нары. Пайдасынан зыяны коп булардын булар бизди адам катары санабайт
+1
Bekzamann
2017-01-03 23:46:47
Улуту деген жерин жазыш керек ошондуктан!
+5
tulegenbaeva
2017-01-04 00:04:06
Бул жерге жазгандан пайда жок, андан коро чечкиндуу болуп, ХХХ
+3
admin_portal
2017-01-04 10:33:39
tulegenbaeva, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү!
-1
Truelensk
2017-01-04 00:10:39
Озундо эле.бизди крайний кылыш керек да.орустун элчисин деле озулорунун полициясы атпадыбы.
+3
ELIMA91
2017-01-04 00:17:39
Военный армия жактан алдынкы орунда турган Турция мамлекетти бир террористи кармай алышпай койдубу тообо, атышуу болуп жатканда эле канча деген спецназ, жандармалар журушту ошол жерде олду деп атты эле бир паста эле Квргызстандын жараны деп куноологон эн акмакчылык!
+1
nurbek11
2017-01-04 00:25:58
Биз акча учун канчалаган паспортту итке деле деле саттык. Мына эми зыянын коруп жатабыз. Туркияда кеминде эки милйон террорист бар. Анан да крайный кылышып бизди корсотуп жатышат ХХХ
+3
admin_portal
2017-01-04 09:11:22
nurbek11, этика нормаларын сактаңыз!
-1
MAN-CITY
2017-01-04 00:35:17
Гражданин Кыргызстана Яхье Машрапов выступил с официальным заявлением о своей непричастности к теракту в Турции в стамбульском клубе в новогоднюю ночь. Данное заявление он сделал на камеру журналистам агентства АКИpress после допроса сотрудниками Государственного комитета национальной безопасности Киргизии. Как выяснилось, в настоящее время мужчина находится в родной стране. 
— Гражданин Машрапов сегодня, 3 января, в 07:00 прилетел из Турции в аэропорт Манас. Примерно в 9 часов утра он из
+1
MAN-CITY
2017-01-04 00:59:25
Турктордун спец службаасы ото начар иштейт экен, анын бул теракка анык тиешеси бар экенин тактабай туруп, анын паспортунун сериясына чейин интернетке жарыялаганы адам укугун тепсеген болот. Бул бала биринчи январь куну Стамбулга учуп барганмын дейт. Турктор оздорунун арасынан издесин террористтерин.
+2
Tima.92
2017-01-04 03:08:57
Экинчи Сирия болгону калды го аз кундо
+2
fanatka19
2017-01-04 09:59:38
Темселеп 2 күндүн биринде неге барат.бизнес иштери м.н деле андай каттабайт.
+3
admin_portal
2017-01-04 10:31:28
batsam, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
admin_portal
2017-01-04 14:42:32
tulegenbaeva, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан