Тынч океандын Фиджи аралында 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Тынч океандын чыгыш тарабындагы Фиджи аралында кубаттуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык кызматы маалымат каражаттарына кабар таратты.
Маалыматка ылайык, Фиджи Республикасынын Сува шаарынан 280 чакырым аралыкта, чыгыш тарабында 7,2 баллга жеткен кубаттуу жер титирөө орун алган. Силкинүү жердин 10 чакырым тереңдигинде пайда болгон.
Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор боюнча маалымат түшө элек. Жердин катуу силкинүүсүнөн улам суу каптоолор болушу мүмкүн деген кооптонуу бар. Мындай маалымат менен жергиликтүү жашоочуларга эскертүү берилди.
2013-жылдагы статистикалык маалымат боюнча, аталган өлкөдө 881 065 адам жашайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meni_kut
2017-01-04 10:46:48
Алла сактасын
+3
Nazaralikarakulja
2017-01-04 13:01:59
Алла озу сактасын дуйнодо тынчылык эле болсун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан