"Элдик кабар" боюнча декабрь айынын жеңүүчүсү "Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал!" деген аталыштагы текченин ачылганын кабарлаган окурман болду

2016-жылдын 10-декабрында окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабар жөнөткөн. Анда Ош шаарында "Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал!" деген аталыштагы текче ачылганы айтылган. Бул маалымат “Элдик кабарга” чыгары менен коомчулук арасында кызуу талкууга алынып, жакшы демилге катары сыпатталган. Ошондой эле Ош шаардык мэриясы да мындай кайрымдуулук текчелерин көбөйтүү керек экенин билдирген. Ал эми айрымдар бул өңдүү жакшы саамалыкты өлкөнүн башка аймактарына да жайылтуу керектигин баса белгилешкен. Мына ошол жалпы коомчулукту кайрымдуу болууга чакырган окурман “Элдик кабардын” декабрь (2016-жыл) айындагы жеңүүчүсү деп табылды.

- Саламатсызбы, “Элдик кабардын” декабрь айындагы жеңүүчүсү деп табылдыңыз!

- Рахмат!

- Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз...

- Менин аты-жөнүм - Элдос Шерматов, 22 жаштамын. Учурда Ош шаарындагы коомдук уюмдардын биринде иштейм.

- SUPER.KG порталы менен качантан бери таанышсыз?

- 5-6 жылдан бери SUPER.KG порталына кирип, кызыктуу маалыматтарды окуп турам. Буга чейин да бир канча жолу “Элдик кабарга” маалымат жөнөтүп, алардын айрымдары сайтка чыккан. Негизи, “Элдик кабар” - чечилбеген маселелерди, социалдык көйгөйлөрдү бийликке жеткирүүгө сонун мүмкүнчүлүк.

- “Элдик кабардын” жеңүүчүсү болом деп ойлодуңуз беле?

- Чынында, күткөн эмесмин. Кабарды жөнөтүүдөгү негизги максат бул демилгени башкаларга да жеткирүү болчу. Анткени көпчүлүк адамдар ашыкча кийимдерин өрттөп же таштандыга ыргытып салышат. Ошол эле учурда кийимге зар болуп, тапкан акчасы нандан ашпай жаткандар да бар. Эгер колунда бар адамдар кийимдерин алып келишсе, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жакшы эле жардам болот.

- Сиз жөнөткөн кабар коомдук талкууга алынат деп күткөн белеңиз?

- Ооба, элдин кызыгуусун жаратат деп күткөм, анткени мындай демилгени башка жактан угуп же көргөн эмесмин. Азыр деле ал текче турат. Кээде тургундардын кийим илип же кийим алып кетип жаткандарын көрүп калам. Ал демилгени Ош шаардык мэриясы дагы колдоого алыптыр. Жакынкы күндөрү ошондой текчелерден дагы ачылганы жатат дешти.

Каарманыбыз Ошто болгондуктан, заманбап смартфонду Бишкектеги иниси Эмилбек Мундузбаев алып кетти.

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 87 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Балким, жогорудагыдай демилгелер коомчулук тарабынан колго алынып, ишке ашырылса, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны азаят беле.

"ЭЛДИК КАБАР" өлкөнүн жарандары менен бийлик бутактарынын ортосунда көпүрөлүк кызматты аткарып, бир топ көйгөйдүн чечилишине салымын кошту. Окурмандардын саны улам артып, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: бийлик органдарынын шалаакылыгы, адам өмүрүнө коркунуч жараткан имараттар жана кулаганы калган дарактар, бузулган жолдор, шаардын жарыксыз көчөлөрү тууралуу маалыматтарын окурмандар биз менен бөлүшүү үстүндө. SUPER.KG порталы алардын көйгөйүн жана жакшы жаңылыктарын чагылдырууну мындан ары да уланта бермекчи.

2016-жылдын жеңүүчүлөрү:

2016-жыл, январь - Бектур Эшимбетов (Бишкек шаары).
2016-жыл, февраль - Жыргалбек Шерматов (Баткен облусу, Кадамжай району).
2016-жыл, март - Кубат уулу Азим (Бишкек шаары).
2016-жыл, апрель - Роза Кадыркулова (Бишкек шаары).
2016-жыл, май - Астра Токталиева (Бишкек шаары).
2016-жыл, июнь - Калыгул Бейшекеев (Бишкек шаары).
2016-жыл, июль - Айтмат Абдуллаев (Ош шаары).
2016-жыл, август - Кубан Сейдилда уулу (Нарын облусу, Ат-Башы району).
2016-жыл, сентябрь - Каныбек Маткалыков (Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары).
2016-жыл, октябрь - Айнура Субанкулова (Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району).
2016-жыл, ноябрь - Темирлан Сапаров (Бишкек шаары).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KaiMak
2017-01-04 18:29:59
Куттуктайм...
0
gul-jana2
2017-01-04 19:34:55
Мен деле ушундай текчелер болсо илип кетмекмин. Көп адамдарда атайын чыгынып, жакыр үй-бүлөлөргө буюм алып барып берүүгө убактысы жок. Болсо да көңүлүн оорутуп, ыңгайсыздык жаратып койбоймбу деген ойдо бул кадамды жасай алышпайт. Ал эми мындай жол эң жакшы находка.
+4
tynara81
2017-01-04 21:42:39
Ушул идея жакты эле. Кыргызстанга барсам сөзсүз барып илем деп ниет кылып жүрөм.
+2
yasmina_kg
2017-01-17 18:51:48
Жакшы ойлонуптур.Арткан кийимдерди кимге берерин билбейсин.Кандай ойдо болот деп.Айла жок баняга жагасын жагып жатканда ичин ачышат буп бутун кээ бири бир эки кийилген.Бизге да ачтырыш керек экен.Канча деген жылуу курткалар бар ортогонго кол барбайт.
0
admin_portal
2017-01-25 17:53:40
nurgul991, жарнамалык билдирүүлөр "Жарнама" бөлүмүндө гана жазылышы керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан