ЖЫЛНААМА, 5-ЯНВАРЬ: Өзгөчө имидждин ээси, белгилүү америкалык рок-музыкант жана ырчы Мэрилин Мэнсон 48 жашка толду

Америкалык рок-ырчы, сүрөтчү, журналист, "Marilyn Manson" рок-тобунун лидери Мэрилин Мэнсон (чын аты-жөнү - Брайан Хью Уорнер) 48 жашка толду. Ал 1969-жылы 5-январда АКШнын Огайо штатындагы Кантон шаарында төрөлгөн.

18 жашында Флорида штатына барып, музыкалык журналда журналист болуп иштеген. Ошол маалда ал атактуу актриса Мэрилин Монронун ысымын, киши өлтүргүч Чарльз Мэнсондун фамилиясын алып, азыркы лакап атын ойлоп тапкан.

1989-жылы ал гитарачы Скот Путески менен бирге "Marilyn Manson And Spooky Kids" аталышындагы топту түзүп, анын ырларын көпчүлүк улуттук жана диний баалуулуктарды басынтуу катары кабыл алышкан. Аталган топтун 10дон ашуун ыр жыйнагы жарык көрүп, алар бири-бирине окшобогон өзгөчөлүккө ээ. Бул топ концерттерин дайыма стандарттан тышкары, өзгөчө эффекттер менен өткөргөн. Топ мүчөлөрү айымдардын кийимдерин кийишип, жасалма чачтарды тагып сахнага чыгышкан. Алардын дайыма өзгөчө болууга умтулуулары "Marilyn Manson And Spooky Kids`ти" дүйнөгө белгилүү кылган. Кийинчерээк аталган топтун аталышы "Marilyn Manson" деп өзгөртүлгөн.

М.Мэнсон актёр катары дагы белгилүү. Алсак, "Адам өлтүрүүнүн канышалары" (1998), "Клубдук кызыгуу" (2003), "Кан соргуч кыз" (2007), "Туура эмес тартип сакчылары" (2012) тасмаларында роль жаратып, андан тышкары даректүү фильмдерде жана сериалдарда дагы ойногон.

Музыка жана кинодон тышкары Мэнсон көркөм искусство менен алектенет. 1999-жылдан бери акварель менен сүрөт тартып, 150дөн ашык сүрөттүн автору болуп эсептелет. Анын эмгектери АКШнын, Европанын шаарларында жана Москвада көргөзмөгө коюлган.

Ырчы Роуз Макгоуэн, Эван Рэйчел Вуд, Стойя, Кэриди Инглиш, Линдси Юсич аттуу актриса, моделдер менен сүйүү мамилесин курган. Ал эми ырчы, фотомодель Дита фон Тиз менен расмий никеге туруп, бирок көп өтпөй ажырашып кеткен.

5-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ayjan_90
2017-01-05 16:45:57
Кебетеси кантет ой
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан