Саясий серепчи "Бишкек мэрлигине талапкерлер Ибраимов менен Абдылдаев утулуп, үчүнчү талапкер жеңип чыгат" деген ойдо

Бишкек мэрлигине талапкерлер Албек Ибраимов менен Нурдин Абдылдаев шайлоодо жеңилип, үчүнчү талапкер жеңип чыгат. Мындай оюн бүгүн, 6-январда саясий серепчи Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет президенттик шайлоо алдында турганда, айрым фракциялар кандай добуш берерин алдын ала айтуу кыйын. "Акыркы Жогорку Кеңештин спикерин шайлоодо Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаевдин күрөшүнө күбө болгонбуз. Акырында Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланып калды. Дал ушундай абал Бишкек шаардык кеңешинде да болушу ыктымал. Биз көрүп жаткандай, эки белгилүү саясатчы талапкерлигин Бишкек мэрлигине алып чыгышты", - дейт серепчи.

Анын ою боюнча, үчүнчү бирөө жеңип чыгат. "Анткени биздин депутаттар, кандай гана фракциядан же партиядан болбосун, баары бир өздөрү билгендей добуш берүү мажоритардык укугунан пайдаланышат.
Бишкек шаарынын мэрин шайлоодо 11-январда саясий абал кандай болоору дагы деле белгисиз. Мага үчүнчү талапкер даярдалып жаткандай сезилүүдө", - деп билдирди Бакетаев.

Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөтөт. КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келген. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер сунуштабай турганы маалым болгон.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-январында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан