Ошто айылдашын сабап өлтүрүп, талаага көмүп койгон балдардын иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.
Маалыматка караганда, иш Ош шаардык сотуна жөнөтүлүп, биринчи сот отуруму 17-январга дайындалды.
"Кылмышка шектүү катары 5 бала кармалган. Алардын ата-энелери сот, тергөөчү, прокурорлорго чоң суммадагы акча беришип, чыгарып алуу аракетин көрүп жатышат. Максат, Бекзат деген балдарды чыгарганга милиция кызматкерлери 25 миң доллар сурашыптыр. Жапалакта залга барган балдардын ар биринен 300 сомдон чогултушту. Биз ал балдар өз жазаларын толук алышын каалаар элек", - деп билдиришти маркумдун жакындары.
Айта кетсек, 2016-жылдын 4-сентябрынан 5-сентябрга караган түнү Кара-Суу районунун Жапалак айылында болгон. Анда 1994-жылы туулган Нурсултан Насировду өзү теңдүү айылдаш балдары сабап өлтүрүп, талаага көмүп коюшкан. Бул окуядан кийин маркумдун эжеси милицияга арыз менен кайрылып, инисинин дайынсыз экенин айткан. Бул факт боюнча ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде 10-октябрь күнү маркумдун жансыз денеси табылган. Ал эми 20-ноябрда кылмышка шектүү катары 5 бала кармалган. Алардын айтымдарында, ич ара келишпестиктен улам Нурсултан Насировду көптөп сабап, өлтүрүп коюшкан.