Вагондо жашаган үй-бүлө тууралуу SUPER.KG'ге чыккан соң президенттик аппараттан кабар алышты

Өткөн жумада айыккыс оору менен алышып, вагондо ата-энеси менен күн кечирген Аскат Букарбаев тууралуу баяндаган элек. Мына ошол макаладан соң ишемби күнү, 7-январда президенттик аппараттан келишип, үй-бүлөдөн кабар алышканын SUPER.KG'ге Аскат Букарбаев өзү билдирди.

"Сиздердин сайтка мен тууралуу макала чыккандан кийин президенттик аппараттан келишип, белек-бечкектерин берип кетишти. Убактылуу жатаканага чыгып турууну суранышты, бирок канча убакытка чейин экенин айтышкан жок. Ал эми батир тууралуу суроомо 10-20 жылдап кезекке тургандар бар экенин айтып, кезекке турушум керектигин билдиришти. Президент менен жолугушуу тууралуу суранычым дагы деле жоопсуз калууда", - дейт А.Букарбаев.

Ошондой эле Аскат бүгүн бутун кокустатып алып ооруканага түшүп калганын, учурда ийне сайдырып, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
momun74
2017-01-09 16:45:28
МММ ошол элеби бир демени кыйратышкпн экен депмин презденттин апаратын
-1
Bakyi
2017-01-09 17:57:17
Олкодо Батирлер салынып Милиция кызматкерлерине жана башкаларга бергенче
Биринчи кезекте ушундай байкуштарга берсе болмок Жашоо шарттары ото еле оор боорун оругандан башка еч демке кылалбайсын Кайран Байкуштар
+7
barakcha
2017-01-09 19:45:04
Bakyi,мындай майыптардын президентке пайдасы жок да?Ошол учун куч органдарын колго алып атат...
0
yasmina_kg
2017-01-09 18:52:04
Депуттардын байлыгы шугур эле го. Значокторун оз чонгонунон чыгарып ошол болунгон акчаны ушундай муктаждарга 10 20 мин доллардан болуп берсе болсо да кичине болсо уй салып алышат эле.Андай кун кайда.
+5
Abubakir05
2017-01-09 19:26:58
Ошон учун мамлекет онукбой келет да кайра эле байлар чиновниктер депутаттар байкуш болуп алышат кудайга шугур дебей.Оздору ушундай абалга тушкондо корот элек сабыр кылып канчага чыдашат экен.Ошол куну инфаркт болуп калат болуш керек алар.
0
tyrgon
2017-01-10 19:06:49
президент куйо баласы орус беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан