Өзбекстан 27 өлкөнүн жарандарын визасыз кабыл алып баштоо планын өзгөрттү

Өзбекстан 27 өлкөнүн жарандарына иштей турган визасыз режимдин күчүнө кирүү мөөнөтүн артка жылдырды. Тийиштүү жарлыкка президент Шавкат Мирзийоев 29-декабрда кол койгону белгилүү болду. Белгилей кетсек, Өзбекстан президентинин 2016-жылдын декабрь айынын башындагы жарлыгына ылайык, 2017-жылдын 1-апрелинен тарта 15 өлкөнүн бардык жарандары жана 12 өлкөнүн 55 жашка жеткен жарандары Өзбекстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышмак. Жаңы жарлыкка ылайык, бул жеңилдик 2021-жылы иштей турган болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз мамлекетинде парламент тарабынан 2016-жылдын 24-октябрында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, документ 2016-жылдын 5-ноябрында күчүнө кирген. Ага ылайык, өлкөдө 5 күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек болчу. Бирок коомдогу жана депутаттар арасындагы нааразчылыктардан кийин бул чечимин өкмөт жокко чыгарып, 90 өлкөнү жарандарына визасыз режимдин нормалары иштей баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан