Бүгүн, 11-январда "Кинозал" бөлүмү жаңы, эксклюзивдүү "Серенада" тасмасы менен толукталды. Тасма 2014-жылы тартылган, режиссёру - Рустам Аташов. Анда Нургазы Калдаров, Зарина Эгембердиева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Режиссёр тасма тууралуу мындай дейт:
"Тасмада башкы каармандар Мээрим менен Нургазы тууралуу баяндалат. Мээрим ата-энеси жок, балдар үйүндө тарбияланган кыз. Кийин бой жеткенде "Менин ата-энем, урук-туугандарым ким болгон?" деп ойлонуп, тек-жайын изилдеп айылга келет. Анан ошол жерде күтүлбөгөн окуя болуп кетет, тагыраагы, кызды ала качып кетишет. Нургазы кыялкеч, ырчы болгусу келет, ага эжелери байдын кызын алып беребиз деп жүрүшкөн болот. Анын алып келген кызы жетим экенин угуп кетирип салышат. Ошондо кызды жакшы көрүп калган башкы каарман аны издеп шаарга жөнөйт. Куса болуп ыр чыгарып, белгилүү болууга жетишет. Ошентип, тасмада акча, байлык менен эле эмес, чыныгы сүйүү менен ийгиликке, бактылуу жашоого жетсе болору айтылат".
Рустам Аташов: "Менталитетке ылайык келбегендиктен, бул тасмада эротика жок, үй-бүлө менен чогуу көрүүгө ылайыкташкан музыкалык комедия", - деп кошумчалады.
"Серенада" тасмасын бул жерден көрүңүз.