Орусияда Кыргыз жараны "таанышын поезддин алдына түртүп жиберген" деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 11-январда жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 10-январь күнү Санкт-Петербург шаарындагы “Александр Невскийдин аянты" метросунда болгон. Анда Кыргыз жараны таанышы менен уруша кетип, келе жаткан поезддин алдына түртүп жиберген. Жабырлануучу ошол жерден жан берген. Учурда кылмышка шектелген 22 жаштагы Кыргыз жараны камакка алынды.
Каза болгон адам 22 жаштагы Өзбекстандын жараны экени аныкталды.