"Өнүгүү-Прогресс" Бишкек мэрин шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын расмий түрдө жарыялады

"Өнүгүү-Прогресс" партиясы Бишкек мэрин шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган партиянын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, шайлоонун жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттарына басым көрсөтүлдү. "Кечээки шайлоо альтернативдүү түрдө адилеттүү өттү деп тарыхта калыш керек эле. Талапкерибиз мэрди дебатка чакырса, ал келбей коюп, дебаттан баш тартты. Шайлоо күнү да мэр депутаттарды программасы менен тааныштырган жок. Бюллетендерге өзгөчө белгилер коюлганын көрдүк. Депутаттарга ушундай талап коюлуп, кысым жасалды деп бааласак болот", - деп сынга алды Төрөбаев.

Айта кетсек, 11-январда Бишкек мэрин шайлоо өтүп, анда Албек Ибраимов жеңишке жеткен. Ал 29 добуш топтогон. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болгон. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан