Футбол боюнча улуттук курама команда Эл аралык футбол федерациясынын 12-январда жаңыланган рейтингинде 124-орунду ээледи. Буга чейинки рейтингде курамабыз 122-орунда болчу.
Карамагында 265 упайы бар курамабыз Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде 16-орунда жайгашкан.
Дүйнөлүк рейтингдин алдынкы ондугунда Аргентина, Бразилия, Германия, Чили, Бельгия, Колумбия, Франция, Португалия, Уругвай, Испания жана Швейцария курамалары бар.