Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн тун уулу Рустам Эмомалини Дүйшөмбү шаарынын мэри кызматына дайындады. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 64 жаштагы шаар мэри Махмадсаид Убайдуллоев отставкага кетти. Ал бул кызматты акыркы 19 жылдан бери аркалап келген.
28 жаштагы Рустам Эмомали Тажикстандын Улуттук университетин аяктаган. Буга чейин ал Мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигин жетектеп келген. "Истиклол" футболдук клубун негиздеген футбол ишмерлеринин бири болуп эсептелинет.