Ала-Бука районунда баптизм агымындагы каза болгон аялдын сөөгүн көмүлгөн жеринен казып алган факт боюнча соттук отурум болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун тургуну, маркумдун кызы Жылдыз Азаева билдирди.
"Көрүстөнгө коюлган апамдын сөөгүн кайра-кайра казып алуу фактылары боюнча соттук отурум болуп, 1989-жылы туулган 3 бала 3 жылга шарттуу кесилди. Алар соттун бул чечимине макул болушкан жок. Анткени алар сөөктү казып жатканда алардан башка дагы адамдар болгонун, алардын баары казууга көмөктөшкөнүн, ошол жерде айылдын аксакалдары да болгонун айтышты", - деп билдирди Азаева.
Маалыматка ылайык, шарттуу кесилген адамдар Ала-Бука айыл аймагынын жашоочулары. Кийинки соттук отурум маркумдун сөөгүн казууга катышкан эки адамдын үстүнөн жүргүзүлмөкчү. Азырынча отурум кайсы күнү өтөрү белгисиз.
"Соттук отурумдар, тергөө, жыйындар, ызы-чуулар - мунун баары район акиминин иш билбегенинен, анын шалаакылыгынан болуп жатат. Эң эле жөнөкөй ишти өз орду менен аткарып койсо мындай жаңжалдар болмок эмес. Сөөктү казып алып жатканда милициянын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери да болгон. Мындан ары иштин жүрүшү мыйзамдуу болушун каалайм. Мен эч кандай тосмо арыз бербейм. Ар ким өз кылганы үчүн жазасын алышы керек. Аким менен жергиликтүү молдолор маркумдан жана биздин үй-бүлөдөн кечирим сурашы керек", - деп кошумчалады Жылдыз Азаева.